ТОҢ РАЙОНУНДА РЕГИОНАЛДЫК КЫЗМАТТАШУУ БОЮНЧА КОМИТЕТТИН ОТУРУМУ БОЛУП ӨТТҮ

  • Главная страница » ТОҢ РАЙОНУНДА РЕГИОНАЛДЫК КЫЗМАТТАШУУ БОЮНЧА КОМИТЕТТИН ОТУРУМУ БОЛУП ӨТТҮ

ТОҢ РАЙОНУНДА РЕГИОНАЛДЫК КЫЗМАТТАШУУ БОЮНЧА КОМИТЕТТИН ОТУРУМУ БОЛУП ӨТТҮ

ТОҢ РАЙОНУНДА РЕГИОНАЛДЫК КЫЗМАТТАШУУ БОЮНЧА КОМИТЕТТИН ОТУРУМУ БОЛУП ӨТТҮ Өткөн жылдагы иштердин жыйынтыктарын чыгаруу жана 2012-жылга пландар регионалдык кызматташуу боюнча комитеттин 2012-жылдын 14-мартында Ысык-Көл областынын Тоң районунун Бөкөнбаев айылында болуп өткөн отурумунда талкуулоонун предмети болуп калды.

“Тоң-Финанс” микрокредиттик агенттик өзүнүн финансылык ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берди. Аларын маалыматы боюнча, өткөн жылы 42 долбоор финансыланган, андан улам райондо кошумча 75 иш оруну түзүлгөн. 2011-жылы “Тоң-Финанс” МКАнын кредиттик портфели 14 миллион сомду түзгөн.

Дагы 92 кредит “Айыл Банктын” жергиликтүү бөлүмү тарабынан 7 миллион сомдук кредиттик линиядан берилген, аны “Андаш Оперейтинг Компани” 2010-жылы Тоң районунун жашоочулары үчүн ачкан.

Райондун акими Бакыт Рыспаев 30 айылда айыл жыйындары болуп өткөндүгүн маалымдады, аларда райондун башчысы калкка “Андаш” компаниясынын регионду өнүктүрүүдөгү жардамы жөнүндө айтып берген.

Отурумда райондун жазгы талаа иштерине даярдыгын да талкуулашты.

Тоң районунун кызматташуу боюнча комитетине райондун акими, райондук жана айылдык кеңештердин башчылары, ӨЭУлардын жана “Андаш” компаниясынын өкүлдөрү киришет.