«Андаш» ишканасы республиканын билим берүү мекемелерине 5 400 китеп тапшырып берди

  • Главная страница » «Андаш» ишканасы республиканын билим берүү мекемелерине 5 400 китеп тапшырып берди

«Андаш» ишканасы республиканын билим берүү мекемелерине 5 400 китеп тапшырып берди

Компания «Андаш» передала 5 400 книг в образовательные учреждения республикиРеспубликанын балдар китепканалары кыргыз тилиндеги жомоктордун жыйыны менен толуктанды. Жайында «Андаш» ишканасы Кыргыз Республикасынын балдарга билим берүү мекемелерине таратуу үчүн түстүү сүрөттөлгөн 5 400 китепти «Роза Отунбаеванын Инициативасы» Эл аралык Коомдук Фондуна бекер тапшырып берди.

«Кыргыздын кереметүү жомоктору», «Айбанаттар жөнүндөгү жомоктор», «Эр төштүк» эпосу сыяктуу жомоктордон түзүлгөн 9 китептен турган алты жүз комплекти Фонд жайдын башында эле тарата баштаган. Китептердин бир бөлүгү Чүй, Ош, Баткен жана Нарын областтарынын бала-бакчаларына берилди.

Жомоктордун сериясы «Раритет» басмасы тарабынан «Андаш» ишканасынын колдоосу менен «Окурман Кыргызстан» китеп окууну пропагандалоо программасынын алкагында чыгарылган. Бул Компаниянын мамлекеттик тилди жана улуттук маданиятты өнүктүрүүгө, кыргызстандыктардын өсүп келе жаткан муунуна билим берүүгө жана тарбиялоого колдоо көрсөтүү максатында кошкон салымы.

Нажмите здесь, что бы скачать файл Благодарственное письмо г-ну Фишеру