«Андаш» компаниясы Валерий Андреевич Кузьмиченоктун туугандарына жана жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтуусун билдирет

  • Главная страница » «Андаш» компаниясы Валерий Андреевич Кузьмиченоктун туугандарына жана жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтуусун билдирет

«Андаш» компаниясы Валерий Андреевич Кузьмиченоктун туугандарына жана жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтуусун билдирет

The company "Kumtor" expresses its deepest condolences to the families and friends Kuzmichenka Valery A.Эӊ сонун адам жана мыкты адистин, техника илимдеринин кандидатынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун Жаратылыш ресрурстарын математикалык-картографиялык моделдештирүү лабораториясынын башчысынын жүрөгү токтоп калды.

87 илимий иштин автору болгон Валерий Андреевич гляциология тармагында эӊ жогорку деӊгээлдеги адис болгон, ал математикалык-картографиялык моделдештирүүнүн уникалдуу методун колдонуу менен Кыргызстандын бийик тоолуу райондорунун суу-экологиялык абалдарын изилдөөгө зор салым кошкон.

Кузьмиченок В.А. «Андаш» кен ишканасын өнүктүрүүгө зор колдоо көрсөткөн. Кенди иштетүү башталгандан бери Валерий Андреевич компаниянын мөӊгүлөрдүн абалын изилдөө боюнча консультанты болуп саналган, анын изилдөөлөрүнө таянуу менен руданы казып алуу жана карьерди өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлгөн.

Валерий Андреевичтин бул дүйнөдөн өтүүсү биздин баарыбыз үчүн орду толгус жоготуу болуп саналат, ал жөнүндө эскерүү көп сандаган досторунун жана коллегаларынын жүрөгүндө түбөлүк жашай бермекчи.