«Андаш Майнинг Компани» өз объектилериндеги коопсуздуктун деңгээлин тынымсыз жогорулатып келет. Компания тобокелдиктин негизги факторлорун: жабдуулардын/механизмдердин жана кол аспаптардын таасири; бийиктиктен кулап түшүү; электрдик токко урунуу; жол-транспорт ж.б. кырсыктарды көзөмөлдөөнү камтыйт:
Эмгекти коргоо жана өндуруштүк коопсуздукту башкаруу – авария алдындагы, авариялык жана башка коркунучтуу кырдаалдардын кайталанышын толук жоюуга багытталган. Компания жабдуулардын иштешине же кызматкерлердин иш-аракеттерине байланыштуу бардык штаттан тышкаркы кырдаалдарды кылдаттык менен талдап чыгат. Бул иштердин алкагында кырсыктардын келип чыгуу себептери аныкталып, келечекте аларды алдын алуу боюнча чаралар иштелип чыгууда.
Эмгекти коргоо жана өнөр жай коопсуздугу жаатында маалыматтарды жана процесстерди башкаруунун автоматташтырылган системаларын акырындык менен ишке киргизүү. Мониторинг жана алынган маалыматка үзгүлтүксүз талдоо жүргүзүү башкаруу системасынын натыйжалуу иштешин камсыз кылат.
Ишканада жана подряддык уюмдарда иштеген мезгилдерде жумушчулардын өмүрүн жана ден соолугун сактоого багытталган укуктук, социалдык-экономикалык, уюштуруу-техникалык, санитардык-гигиеналык, дарылоо-профилактикалык, реабилитациялык жана башка чараларды пландаштыруу жана ишке ашыруу боюнча системалуу иштерди уюштуруу.