«Андаш» компаниясынын кызматкерлеринин ачык кайрылуусу

«Андаш» компаниясынын кызматкерлеринин ачык кайрылуусу

Кыргыз Республикасынын Президентине
Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына

Урматтуу мырзалар,

«Андаш» Кыргызстанда 5 миңден ашуун үй-бүлөнү иш, татыктуу эмгек акы менен камсыз кылууда жана болочокко ишенимдүүлүк берүүдө. Биздин Компания өлкөнүн бюджетине миллиарддаган сомдорду которот жана биздин пенсонерлер пенсияларын өз убагында алуусу үчүн Соцфондго ак ниет төлөп берүүдө.

Тилекке каршы, Компания кайрадан эле саясий оюндардын предмети болуп калууда. «Андашдүн» айланасында кайрадан башталган каршылык акциялары ишкананын адаттагыдай иштөөсүнө гана жолтоо болбостон, ишкананын эмгек жамаатына жана анын иш маанайына да өтө терс таасир берүүдө. Элдин атынан сүйлөп жана Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын жактап жатабыз дешкендер өздөрүнүн ойлонулбаган аракеттери эмнеге алып келиши мүмкүн экенин түшүнүшпөйт.

Саясатчылардын «Андаш» жөнүндө сүйлөгөн акыркы сөздөрүнүн баары кесипкөй эместикке суугарылган жана кырдаалды териштирүү аракетинен эмес, алдыдагы бийлик үчүн күрөштө упай топтоону каалоодон улам болууда. Дал ушул нерсе бир областтын жашоочуларынын бири-бирине каршы туруусуна алып келди.

Өкмөт сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жаңы долбоор боюнча биздин ишкана төлөөчү пайданын 50%ы жана ага кошумча дүң продуктыдан 14% «Андаш» долбоорунан Кыргызстандын экономикасына финансылык түшүүлөрдү көбөйтүүгө мүмкүндүк бере тургандыгы мектеп окуучусуна да түшүнүктүү! Денонсация жана улутташтыруу өндүрүштүн токтоосуна, эл аралык соттордогу көп миллиарддаган доолорго алып келет жана өлкөнүн инвестициялык имиджин биротоло талкалайт.

Биз өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштеп келгенбиз, иштеп жатабыз жана иштей беребиз. Биз өзүм билемдикти токтотууну жана тартипке салууну талап кылабыз! Биз ишкананы токтотуу менен коркутууларды болтурбоону талап кылабыз. Сиздер «Андаш» ишканасында иштерди узак мезгил аралыгында токтотуу карьердеги жер көчкүлөргө жана алтын рудалуу зоналарды жоготууга алып келээрин түшүнүүгө тийишсиздер. А бул кенди иштетүү мүмкүнчүлүгүн жоготууну жана бюджетке каражат түшпөй, пенсиларсыз кала тургандыгыбызды билдирет. Биз бийликтерден жана парламенттен жоопкерчиликти талап кылабыз! Биз бүтүндөй өлкөдөгү туруктуулукту талап кылабыз!