МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНӨ (КӨМӨКЧҮ ӨНДҮРҮШ ТОБУНА) ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

  • Главная страница » МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНӨ (КӨМӨКЧҮ ӨНДҮРҮШ ТОБУНА) ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНӨ (КӨМӨКЧҮ ӨНДҮРҮШ ТОБУНА) ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 17.09.2025, 16:00го чейин.
“Андаш Майнинг Компани” ЖАК Материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүнө (көмөкчү өндүрүш тобуна) эки жылдык стажировкадан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт. Талаптар:
  • «Экономика», «Юриспруденция», «Материалдык-техникалык камсыздоо» багыттары боюнча жогорку билим (2025-жылга чейин ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздарды кабыл алабыз);
  • MS Office, Outlook программаларын билүү;
  • Иштиктүү кат алышуу көндүмдөрү, сабаттуу жазуу жана оозеки баарлашуу;
  • Англис тилин Intermediate жана андан жогору деңгээлде билүү артыкчылыктуу, бирок талап кылынбайт;
  • Коммуникация көндүмдөрү, этика жана калыстык;
  • Аналитикалык ой жүгүртүү жана көңүл коюу.
Милдеттер:
  • Сатып алуулардын ички программасына көмөктөшүү, жеткирүүчүлөр, инвентардык позициялар, сатып алуу тапшырыктары жөнүндө маалыматтарды киргизүү;
  • Запастардын жеткиликтүү болушуна жана керектелишине мониторинг жүргүзүүгө, рынокко жана баага талдоо жүргүзүүгө көмөктөшүү;
  • КГКнын Сатып алуулар жөнүндө жобосуна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык компанияны материалдык-техникалык ресурстар менен камсыз кылууга көмөктөшүү;
  • Жеткирүүчүлөр жана акыркы колдонуучулар менен мамилелерди колдоо;
  • Жеткирүүлөрдү жана өз ара эсептешүүлөрдү уюштурууга жана көзөмөлдөөгө көмөктөшүү;
  • Жеткирүүчүлөр менен келишимдерди даярдоого, макулдашууга жана түзүүгө көмөктөшүү.
Такшалманын шарттары:
  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалманын узактыгы – 2 жыл
  • Такшалманын орду – Бишкек шаарындагы кеңсе
  • Такшалманын графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек: Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.