«Андаш» компаниясы Ысык-Көл облусундагы айылдарынын инфраструктурасын калыбына келтирүүдө

  • Главная страница » «Андаш» компаниясы Ысык-Көл облусундагы айылдарынын инфраструктурасын калыбына келтирүүдө

«Андаш» компаниясы Ысык-Көл облусундагы айылдарынын инфраструктурасын калыбына келтирүүдө

Эшперов айылында жашоочуларды таза суу менен камсыздуу үчүн тереңдик электронасосу орнотулду. Жаңы жабдуулар жана түтүктөр «Андаш Голд Компани» колдоосу менен сатып алынып, орнотулду.

«Жабдуулардын эскилигинен суу үйлөргө жеткиче эле жолдон кыйла жоготуулар болуп келген. Биздин сураныч орундалып, эми 2000дей айыл тургуну таза сууга жеткени үчүн ыраазыбыз», – деп Болот Мамбетов айыл округунун башчысы Иличбек Кокоров белгиледи.

Швейцраиялык долбоор, Ысык-Көл өнүктүрүү фонду жана «Андаш» компаниясынын колдоосу менен Жети-Өгүз айыл округунун муниципалдык унаа паркын жаңы экскаватор толуктады.
Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн жетекчиси экскаватор сатып алууга жардам сурап компанияга кайлырлган. 2 млн сомдой каражат Ысык-Көл өнүктүрүү фонду мененшвейцариялык долбоордон бөлүнгөн. Жетпей жаткан 500миң сомду «Андаш» каржылады.

Экскаватор 16миңден ашуун калкы бар округдун 6 айылын тейлейт. Ал ирригациялык каналдарды тазалоо, таштанды чыгаруу ошондой эле мүмкүм болгон табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга иштетилмекчи.