Балыкчы шаарынын мектеп окуучулары “Андаш” кен ишканасында алтын казып алуу жана өндүрүш процесси менен таанышышты

  • Главная страница » Балыкчы шаарынын мектеп окуучулары “Андаш” кен ишканасында алтын казып алуу жана өндүрүш процесси менен таанышышты

Балыкчы шаарынын мектеп окуучулары “Андаш” кен ишканасында алтын казып алуу жана өндүрүш процесси менен таанышышты

2014-жылдын 17-майында Балыкчы шаарынан мектеп окуучуларынын тобу таанышуу сапары менен “Андаш” кен ишканасында болушту. Шаардын 100дөн ашуун мектеп окуучусу катышкан “Андаш” менен бирге” темасына эсселердин конкурсунун жыйынтыктары боюнча, 8 мыкты иш тандалып алынды жана авторлору өндүрүш процессин өз көзү менен көрүүгө чакырылышты.

Компаниянын адистери баалуу металлды казып алуунун жана өндүрүштүн негизги этаптары жөнүндө айтып беришти. Мектеп окуучулары карьерде, алтын ылгоочу фабрикада, Петров көлүндө, калдыктарды сактоочу жайда жана турак-жай лагеринде болушту. Жолугушуунун жүрүшүндө балдар компаниянын өкүлдөрү менен баарлашышты, алар балдардын бардык кызыккан суроолоруна жооп беришти.