АЫФынын КӨАжА БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

АЫФынын КӨАжА БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 17.09.2025, 16:00го чейин.  
“Андаш Майнинг Компани” ЖАКтын АЫФынын КӨАжА (Контролдоо-өлчөө алеттери жана автоматика) бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасынан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт. Талаптар:
  • Жогорку техникалык билими тууралуу диплом (төмөнкү багыттардын бири боюнча: «Электр энергетикасы жана электр техникасы (РЗиА)», «Контролдоо-өлчөө алеттери жана аппаратура», «Инженердик системалары АСУ ТП», «Автоматика жана технологиялык процесстерди автоматташтыруу»);
  • Ар кандай объектилерде жана ишканаларда өз адистиги боюнча иш тажрыйбасы бар болуу же такшалмадан өткөндүгү артыкчылык болот;
  • Аспаптар жана өлчөөчү алеттер менен иштей билүү (мультитестер, осцилограф, вольтметр, амперметр);
  • Электроника боюнча негизги билими болуу, электр жана электрондук схемаларды окуй билүү;
  • Жоопкерчилик, командада иштей билүү, тактык жана тыкандык, көңүл буруу;
  • Компьютерди ишенимдүү колдонуу, MS Office, Outlook;
  • Кыргыз, орус жана англис тилдерин билүү артыкчылыктуу.
Милдеттер:
  • КӨАжА бөлүмдөрүнүн аткарган иштери, иштөө режимдери, өндүрүштүк нускамалар, жеке жабдуулардын өлчөө алеттери жана АЫФтын өндүрүштүк аймактары менен таанышуу;
  • КГКнын объекттеринде колдонулган алеттердин жана жабдуулардын жөнөкөй жана татаал системаларынан, өндүрүш процесстерин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу системаларынан баштап техникалык тейлөө боюнча таанышуу жана окуу;
  • Техникалык тейлөө иштерин, алеттерди жана КӨАжА аппаратураларын оңдоо иштерин аткарууда бригадага жардам көрсөтүү;
  • КӨАжА боюнча слесарга жардам берүү.
Такшалманын шарттары:
  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалманын узактыгы – 2 жыл
  • Такшалманын орду – Андаш кени
  • Такшалманын графиги – 14/14
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек: Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.