Сары-Мойнок ашуусундагы чукул кырдаал

Сары-Мойнок ашуусундагы чукул кырдаал

2014-жылдын 29-сентябрында 17:00до курамында келишим боюнча иштеген тѳрт альпинист, бир электрик жана «Андаш Голд Компанинин» штаттагы бир кызматкери бар алты адамдан турган топ Сары-Мойнок ашуусу аймагында орнотулган ретронслятордо пландалган профилактикалык оңдоо иштеринен кийин станциядан кайтып келатышкан.
Келаткан маршрутта көчкү жүрүп, алдында эки келишим боюнча иштеген альпинист калды. Андаш болгон кырдаал тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана тиешелүү органдарга билдирди. Бишкек шаарынан жана Караколдон куткаруучу топтор уюштурулуп көчкү жүргөн жакка жөнөтүлдү. Учурда издөө жана куткаруу иштери жүрүп жатат. Алардын жүрүшү боюнча компания дагы кабарлап турмакчы.